Дуалдык окутуунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды 

Башкы Жаңылыктар

Дуалдык окутуунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды 

Image

Ош мамлекеттик университетинде дуалдык окутуу процессинин учурдагы абалы, жетишкендиктер менен кыйынчылыктарды аныктоо жана келечекке багыт берүү маселелери талкууланды. 

Иш-чарага окуу иштери боюнча проректор Руслан  Арапбаев, академиялык иштер жана билим берүү саясатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын жетекчиси Толкун  Папиева, институттар, факультеттер жана колледждердин практика жетекчилери, адистиктердин программа жетекчилери, дуалдык окутууну ишке ашырып жаткан өнөктөштөр (шаардык билим берүү башкармалыгын адистери жана мектеп мугалимдери) катышты.

Алар дуалдык билим берүү теория менен практиканын айкалышы гана эмес, билимдин сапатын жогорулатууда абдан маанилүү механизм экенин белгилешти. 

Алсак, учурда университеттин Педагогика, искусство жана журналистика институтунда жаш балдары бар үй-бүлөлөргө жана педагогикалык билим алып жаткан студенттерге багытталган жаңы стартап долбоор ишке кирди. “Студент эжекем менен бирге!” деп аталган бул демилге кечки убакта, өзгөчө той-маараке учурларында ата-энелердин балдарын убактылуу карап турууга шарт түзөт. Демилге дуалдык билим берүү программасынын алкагында ишке ашып жатат.

14-октябрда өткөн иш-чараны окуу жайдын Практика жана карьера борбору, Индустриялдык-педагогикалык колледжи биргеликте уюштурган. 


 

Фото галерея