Эл аралык кызматташтык: ОшМУ Польшада эки жаңы келишимге кол койду

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык кызматташтык: ОшМУ Польшада эки жаңы келишимге кол койду

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков 15-17-октябрь күндөрү Польшада өткөн суу ресурстары жана дене тарбия маселелерине арналган эл аралык конгресстин жүрүшүндө эки маанилүү кызматташтык келишимине кол койду.

Анын бири Замбиядагы Eden университети, экинчиси Казакстандагы Дене тарбия жана массалык спорт академиясы менен түзүлдү. Келишимдерге ылайык, тараптар билим берүү, илимий-изилдөө, академиялык мобилдүүлүк жаатында көп тараптуу кызматташуу механизмдерин өнүктүрүшөт.

Айрыкча көңүл борборунда дене тарбия жана спорт багытында, ошондой эле суу коопсуздугу боюнча куткаруучу операцияларды жүргүзө ала турган адистерди даярдоо турат. Бул жаатта Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбасын өздөштүрүү максатында Казакстан жана Африка өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлар менен биргеликте ири долбоор иштелип чыгууда. Анын алкагында атайын курстар уюштурулуп, жаңы адистиктердин ачылышы күтүлүүдө. 

Мындай эл аралык кызматташуулар, биргелешкен долбоорлор университеттин дүйнөлүк рейтингге кирүүсүнө өбөлгө түзөт.

 

 

 

Фото галерея