Бүгүн, 17-октябрда Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары жана 1-курстун студенттери «Биз таза шаар үчүн!» аттуу экологиялык акция өткөрүштү.
Алар Ош шаарынын Навои жана Токтогул атындагы сейил бактарынын аймагын тазалашты.
Бул иш-чара жаштардын экологиялык аң-сезимин жогорулатууну, айлана-чөйрөгө кам көрүү маданиятын калыптандырууну жана коомдук демилгелерге активдүү катышуусун жандантуу максатында уюштурулду.