ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Нурбек Осмонов конокто

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Нурбек Осмонов конокто

Image

Ош мамлекеттик университетинин сыймыктуу бүтүрүүчүсү  "Каганат-Инвест"  холдингинин негиздөөчүсү жана генералдык директору Нурбек Осмонов окуу жайда “Университет-өндүрүш-илим” атуу жолугушууда конок болду.

 “Өнөр жай менен илим дайыма айкалышып турат. Андыктан бизге дайыма билимдүү, кесипкөй адистер керек. Биз Ош шаарындагы   “Кыргыз Унаа Курулуш” өндүрүш заводуна  50 000 жумуш ордун түзүүнү пландаганбыз. Бүгүн бул жолугушуунун алкагында сыймыктуу окуу жайыбыздын бүтүрүүчүсү катары университет менен кызматташуу келишимин түзүп жатабыз”,-деди Нурбек Осмонов.

Жолугушуунун соңунда ОшМУ менен “Каганат-Инвест” холдингинин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Анда адистерди өндүрүшкө багыттап максаттуу даярдоо, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттерди колдоо жана ишке жайгаштыруу маселелери каралган.  

Нурбек Осмонов ОшМУнун колдонмо математика жана информатика адистигин 2003-жылы аяктаган.

Иш-чара колдонмо математика жана информатика, графикалык дизайн кафедрасы тарабынан уюштурулду.

 

Фото галерея