«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча окутуу ОшМУда өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча окутуу ОшМУда өтүп жатат

Image

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу уңгужолдук окутуу курсу Ош мамлекеттик университетинде жүрүп жатат.

Ага район акимдеринин орун басарлары, ЖОЖдордон, мектептерден, социалдык фонддордон жана айыл өкмөттөрдөн адистер катышууда. ОшМУдан мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова да бар.

Катышуучулар улуттук идеологиянын мазмуну, мамлекеттик тилдин өнүгүү багыттары жана коомдук аң-сезимди чыңдоонун заманбап ыкмалары боюнча сабактарды алышып, сертификака ээ болушат. Окутуу 22-октябрда башталган. Эртең, 24-октябрь күнү жыйынтыкталат.

Бул курс президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда. 

 

Фото галерея