Бүгүн, 24-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алууда мамлекеттин ролу: теория жана практика” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Иш-чараны ОшМУнун илимий иштер боюнча проректор Элзар Эшаров ачып берип, катышуучуларды куттуктады. Ал конференциянын үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн азайтууда илимий жана мамлекеттик кызматташуунун маанисин белгиледи.
Конференцияны ОшМУнун Тарых-юридика институту менен ИИМдин Республикалык окуу борборунун Ош филиалы биргелешип уюштурган. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Өзбекстандан окумуштуулар жана адистер катышып, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча баяндамаларды жасап, илимий ой-пикирлерин бөлүшүүдө. Жыйындын соңунда үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алууда боюнча жыйынтык резолюция кабыл алынат. Иш-чара Ош шаардык прокуратурасы менен биргеликте уюштурулду.