Бүгүн, 24-октябрда Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев Ош мамлекеттик университетине келди. Алар “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу алкагында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттик катчы уңгужолдун мазмуну жана максаты тууралуу кеңири түшүндүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүндө жаштардын ролу, нарктык баалуулуктарды калыптандыруу жана жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялоонун маанисине токтолду.
Жолугушуунун алкагында ОшМУда 22-24-октябрь күндөрү өткөн «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу уңгужолдук окутуу курсунун ийгиликтүу аяктаган 54 кызматкерге Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов тарабынан сертификаттар тапшырылды.
Катышуучулар улуттук идеологиянын мазмуну, мамлекеттик тилдин өнүгүү багыттары жана коомдук аң-сезимди чыңдоонун заманбап ыкмалары боюнча билим алышкан.
Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов жыйынтыктоочу сөзүндө бул демилге — Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук идеологияны бекемдөө жана коомдун руханий өнүгүүсүн колдоо багытындагы саясатын ишке ашыруунун маанилүү кадамы экенин белгиледи.