Бүгүн, 24-октябрда Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжине иш сапары менен келди.
Сапардын алкагында министр акыркы үч жылдын ичинде окуу жайга алынган жаңы техникалар жана окуу жабдуулары менен таанышып чыкты.
Бакыт Төрөбаев окуу процесси менен таанышып, студенттер жана окутуучулар менен маектешти. Ал колледждин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, дыйкан жана фермерлер үчүн да билим берүү курстарын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан сырткары Бакыт Төрөбаев колледждин директору Полот Тувашевге министрликтин Ардак грамотасын тапшырды.
Айыл чарба колледжинде агрономия, ветеринария, айыл чарбасын механизациялаштыруу, айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу багыттары боюнча эл чарбасына керектүү кадрлар даярдалат.