Кытай тили мугалимдери арасында өткөн эл аралык сынакта ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин окутуучусу Ерланбек Акылбек уулу экинчи орунду алды. Ал эми Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку колледжинин мугалими Гүлпери Кадырбекова үчүнчү орунду ээледи.
Мындан тышкары кыргыз-кытай факультетинин окутуучулары Тэн Юэмин менен Чэнь Вэнь «Мыкты насаатчы» наамына татыктуу болушту.
«Кытай тилин окутуунун мыктылары— 2025» аттуу кесиптик чеберчилик боюнча эл аралык сынактын финалдык бөлүгү 25-октябрда Душанбе шаарындагы Конфуций институтунда өттү. Ага Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 11 мугалими катышкан. Иш-чаранын алкагында педагогикалык тажрыйба алмашуу боюнча тегерек стол уюштурулуп, анда тематикалык баяндамалар жасалган. Катышуучулардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө багытталган талкуулар өткөрүлгөн.