ОшМУ—Урал: кош диплом программасынын студенттери байгелүү орунга ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ—Урал: кош диплом программасынын студенттери байгелүү орунга ээ болду

Image

Ош мамлекеттик университети менен Урал мамлекеттик медициналык университетинин  кош диплом программасынын студенттери Бүткүл россиялык илимий-практикалык неврология форумунда байгелүү орундарды алышты. «Эң мыкты визитка» номинациясы боюнча 1-орунду, «Практикалык этап» номинациясы боюнча 3-орунду ээлешти.

Команданын курамына кош диплом программасынын 4-курсунун студенттери Айтурган Мажитова жана Канышай Момунова да кирген.

Форум жана неврология боюнча сынактар Самара мамлекеттик медициналык университетинин федералдык аккредитациялык–симуляциялык борборунун базасында өттү. Ага Орусиянын ар кайсы медициналык университеттеринин студенттери катышып, неврология тармагындагы билимин, клиникалык ой жүгүртүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Форумдун олимпиадалык бөлүгү онлайн тандоо туру, теориялык жана практикалык бетме-бет сынактардан турган. Катышуучулар реалдуу медициналык кырдаалга жакын шарттарда татаал клиникалык тапшырмаларды аткарышкан.

ОшМУ Урал  мамлекеттик медициналык университети менен 2021-жылдан бери кызматташып келет. Анын алкагында дарылоо иши, стоматология, педиатрия багыттарында кош дипломдуу билим берүү боюнча келишим бар. Студенттер үч жыл ОшМУда, үч жыл Урал  мамлекеттик медициналык университетинде билим алып, эки окуу жайдын дипломуна ээ болушат. 









 

Фото галерея