27-октябрда ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунда масштабдуу илимий-билим берүү иш-чарасы болуп өттү.
“Келечектин окумуштуулары” эл аралык долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чарада Москвадагы А. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институтунун даярдоо факультетинин деканы Галина Купцова «Орус тили тилдердин диалогунда» темасында лекция окуду.
Катышуучулар түрк дүйнөсүндөгү тилдик иденттүүлүк, тилдердин тарыхый байланыштары, айрыкча якут–кыргыз тилдик байланыштарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу кызыктуу талкууларды угушту. Илимий талкууларда Мария Милованова жана Алексей Антипов жасалма интеллект, чоң маалыматтар негизиндеги тилди сактоо технологиялары тууралуу презентацияларды сунушташты. Ал эми Елена Петривняя “Улуттук мүнөздүн алиппеси”, “Пушкин жомокторундагы түс жана жарык” темасындагы мастер-класстарды өткөрүп, адабият менен маданияттын байланышын жаңы көз карашта түшүндүрүп берди.
Иш-чаранын катышуучулары викториналарга, практикалык тапшырмаларга катышып, теориялык билимди бекемдеп, жаңы изденүүлөргө шыктануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Долбоор Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Ага Орусиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан жана илимий уюмдарынан куралган элүүдөн ашык эксперт, белгилүү окумуштуулар, изилдөөчүлөр катышууда. Алар иш-чараларды Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Армения жана Казакстанда улантат.