Студенттер Кокон шаарында рекреациялык-географиялык практикада болушту

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Кокон шаарында рекреациялык-географиялык практикада болушту

Image

Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу дене тарбия туризм жана агрардык технологиялар институтунун студенттери Өзбекстандын Кокон шаарында өндүрүштүк рекреациялык-географиялык (туризм менен байланышкан аймактарды географиялык жактан изилдөө) практикада болду.

Алар Кокон ордосуна экскурсия жасап, анын бай тарыхы, архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана маданий мурастары менен таанышты. Мындан сырткары алар Кокон университетинин туризм факультетинде болуп, улук окутуучу Омонжон Умаровдун сабагына  катышты.

Сапардын алкагында Ош мамлекеттик университетинин Практика жана карьера борборунун улук инспектору Жанарбек Султанов Кокон университетинин студенттерине Кыргызстандагы туризм, андагы мүмкүнчүлүктөр, түзүлгөн шарттар боюнча конок лекция окуду. Коңшу өлкөгө болгон сапар студенттер үчүн теориялык билимди практика менен айкалыштырып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк жаратты.  болду. 


 

Фото галерея