Бүгүн, 30-октябрда Ош мамлекеттик университетинде ички гранттардын негизинде ишке ашып жаткан илимий долбоорлордун көргөзмөсү өттү. Иш-чаранын алкагында университеттин окумуштуулары тарабынан даярдалган 25 илимий эмгек өндүрүш өкүлдөрүнө, инвесторлорго жана потенциалдуу өнөктөштөргө сунушталды.
Көргөзмөдө инновация жана өндүрүш, фундаменталдык илимдер, жашыл экономика жана айыл чарба инновациялары, социалдык, маданий-гуманитардык өнүгүү, медицина багыттарындагы долбоорлор тааныштырылды.
Иш-чарага аймактардагы түрдүү ишканалардын жетекчилери, инвесторлор жана эксперттер катышып, долбоорлорду баалоо үчүн атайын калыстар тобу түзүлдү. Жыйынтыгында ар бир багыт боюнча мыкты илимий эмгектер аныкталып, жеңүүчүлөргө атайын номинациялар тапшырылат.
Бул иш-чаранын негизги максаты — ОшМУнун ички гранттарынын колдоосу менен жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коомчулукка таанытуу, алардын өндүрүш тармагында колдонулушуна шарт түзүү жана окуу жайдын инновациялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү болуп саналат.