CACIE-2025 симпозиуму: ОшМУнун кызматташтыгы үлгү катары көрсөтүлдү

Башкы Жаңылыктар

CACIE-2025 симпозиуму: ОшМУнун кызматташтыгы үлгү катары көрсөтүлдү

Image

ОшМУнун Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун директору Бектур Азимов, Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын башчысы Толкун Жолдошов Пекин шаарында өтүп жаткан CACIE 2025 — Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгы, билим берүү менен өнөр жайды интеграциялоо боюнча симпозиумга катышып жатат. 

29–31-октябрь күндөрү аралыгында өтүп жаткан иш-чарага аларды Нанкин технологиялык институту чакырды. Симпозиумда ОшМУнун МФТИТ институтундагы кызматташтыгы үлгү катары көрсөтүлүп, Кытай тарап менен жүргүзүлгөн кызматташтык боюнча институттун директору Бектур Азимов баяндама жасады. Иш сапардын алкагында бир нече жогорку окуу жайлар менен таанышуулар болуп, эл аралык кызматташууну кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Симпозиумга дүйнөдөгү Кытай менен кызматташууну көздөгөн 300дөн ашуун жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышып жатат. 

ОшМУ менен Нанкин технологиялык институнун ортосундагы келишим 2024-жылы түзүлгөн. Документке ылайык, учурда ОшМУда Big Data аналитик адистигинде 49 студент, робототехника жана жасалма интеллект адистигинде 105 студент билим алууда.

 

Фото галерея