Ректор Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербургдагы эл аралык конгресске катышууда

Башкы Жаңылыктар

Ректор Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербургдагы эл аралык конгресске катышууда

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан  “Кызматташуунун интеллектуалдык коду” (Интеллектуалдык код Содружества) аталышындагы эл аралык илимий-билим берүү конгрессине катышууда. 

Анын алкагында пленардык жыйындар, эксперттик, талкуу сессиялары, билим берүү жана илимий долбоорлордун көргөзмөлөрү, мастер-класстар, тренингдер өткөрүлүүдө.

Жыйында окуу жай жетекчиси “КМШ жана Улуу Евразия мейкиндигиндеги жогорку окуу жайлардын өз ара кызматташуусу- кызматташуу интеллектуалдык коду” жана «Кызматташуу мейкиндигиндеги илимий-билим берүү коллаборациялары: өз ара аракеттешүүнүн формуласы» темаларында баяндама, презентация жасайт. 

Ошондой эле мамлекеттик органдарды, академиялык жана бизнес чөйрөлөрдү интеграциялоо – университетти 4.0 моделине трансформациялоонун инновациялык жолундагы ОшМУнун тажрыйбасы менен бөлүшөт. 

Бул аянтча КМШ өлкөлөрүнөн келген окумуштуулардын, окутуучулардын, мамлекеттик жана бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогго мүмкүндүк түзүп, илим менен билим берүү тармагындагы мыкты тажрыйбаларды талкуулоого, мындан аркы кызматташуунун жолдорун аныктоого багытталган.

Конгресс 30-октябрда башталып, 31-октябрда жыйынтыкталат. Иш-чараны КМШ мамлекеттеринин Парламент аралык ассамблеясы жана Орусиянын федералдык жыйынынын Федерация Кеңеши уюштурган.

Фото галерея