“ОшМУнун ички гранттык долбоорлорунун илимий көргөзмөсү — 2025” жыйынтыкталды. 25 долбоордун ичинен сегизи төмөндөгү номинациялар боюнча мыкты деп табылды.
Жеңүүчүлөр кимдер экени жакында жарыяланат жана аларга сыйлыктар Илим күнүндө тапшырылат.
Көргөзмөгө жеке ишканалар, компаниялар жана өнөр жай өкүлдөрү чакырылып, пайдалуу келишимдерди түзүүгө ачык аянтча болду.
Ошондой эле түштүк аймак боюнча жол куруу башкармалыгынан, «Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинен, Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, “Континент Сервис” компаниясынан жана Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынан өнөктөштөр катышты.
Мындан тышкары президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн, Ош мэриясынын өкүлдөр жана жеке ишкана, компаниялардан ишкерлер чакырылган. Жетекчилер жана жалпы 150дөй кызыккан тараптар катышты.
“Профессордук-окутуучулук курамдын гранттык долбоорлорго катышуусу окуу жайдын илимий аброюн жогорулатып, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп саналат.
Программанын жүрүшүндө долбоорлордун аткарылышындагы илимий натыйжаларын көрүп чыгып, тажрыйбалуу долбоор жетекчилери менен пикир алышуу, суроо-жооптор жана сунуштар мындан ары долбоорлордун практикалык маанисин өстүрөт. Бул иш-чара аркылуу окуу жай илимдин натыйжаларын практика менен айкалыштырып, коомго, аймакка жана өлкөгө пайдалуу багыттарды өнүктүрүүнү көздөйт”, -дейт ОшМУнун илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Курбанбаева.
Аталган бөлүм көргөзмөнү Илим күнүнө карата өткөрдү. Иш-чара аткарылып жаткан долбоорлордун илимий изилдөөлөрүнүн практикалык натыйжаларын көрсөтүү, практикалык колдонууга жол ачуу жана ар кандай багыттагы аткарылып жаткан долбоорлордун инновациялык потенциалын баалоо максатында уюштурулду. Ошондой эле көргөзмө аркылуу инновациялык демилгелерди колдоо, мындан ары ушул сыяктуу идеяларды өнүктүрүү, кызматташтыкты кеңейтүү жана жаш окумуштууларды шыктандыруу каралган.