ОшМУнун тогуз студенти президенттик стипендияга ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун тогуз студенти президенттик стипендияга ээ болду

Image

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган мыкты 92 студентке мактоо баракчасын жана 60 миң сомдон президенттик стипендия тапшырды. 

Президенттик стипендияга быйылкы жылы Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) тогуз студенти ээ болду. Алар — Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен Ислам Базарбаев, Тарых жана юридика институтунан  Эржан Бактиярбек уулу, Аяна Малабаева, Акмырза Тургунбаев, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунан Айдина Бакытбек кызы, Малика Токтосунова, Филология жана маданият аралык коммуникация  институтунан Аксамай Жумабаева, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунан Жасмина Исматила кызы, Экономика, бизнес жана менеджмент институтунан Айтурган Мусабекова ээ болушту. 

Жеңүүчүлөр 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен президенттик стипендияга талапкерлерди аныктоо боюнча тандоо турунун жыйынтыгы менен тандалып алынган. Анда алардын окуудагы, илимдеги, спорттогу жана коомдук, социалдык иштердеги мыкты жетишкендиктери каралган.

Эске салалы: былтыр президенттик стипедияны университеттин сегиз студенти алган.   

 

Фото галерея