Эки студент Москвадагы “Эстелик сакчылары” эл аралык программасына катышты

Башкы Жаңылыктар

Эки студент Москвадагы “Эстелик сакчылары” эл аралык программасына катышты

Image

 Ош мамлекеттик университетинин студенттери Акмырза Тургунбаев жана Эржан Бактыярбек уулу 25–30-октябрь күндөрү Москвада өткөн «Эстутум сакчылары» аттуу эл аралык долбоорго катышты. 

Алар Мамлекеттик Думанын жыйынына катышып, тарыхый музейлерди жана архивдерди кыдырышты. Ошондой эле Орусиянын мамлекеттик ишмерлери менен жолугушуп, илимий-тажрыйбалык конференцияда баяндама жасашты. Студенттер бул жыйынга аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен барышкан.

Бул долбоор тарых багытында иш алып барган жаш чет өлкөлүк адистерди колдоого, тажрыйба жана идея алмашууга, кесиптик байланыштарды түзүүгө, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле илимди жайылтуу жана жаш изилдөөчүлөрдүн коомчулугун калыптандырууну максат кылат.

Программанын жыйынтыгында катышуучулардын илимий изилдөөлөрүн камтыган макалалар жыйнагы чыгарылат.

Долбоорго 23 өлкөдөн келген тарых, архив иши жана башка гуманитардык тармактар боюнча изилдөөчүлөр коомчулугунун 75 жаш өкүл катышты.

 

Фото галерея