Студенттер «Россияны ач» аталышындагы эл аралык долбоорго катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер «Россияны ач» аталышындагы эл аралык долбоорго катышты

Image

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин студенти Айдай Алтынбек кызы, Тарых жана юридика институтунун студенти  Акмырза Тургунбаев, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенти Адинай Мисирова «Россияны ач» аталышындагы эл аралык билим берүү долбооруна катыштып келди.

Катышуучулар Орусиянын маданияты, тарыхы жана заманбап жетишкендиктери менен таанышты. Ошондой эле «Евразия» бейөкмөт уюмунун төрайымы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова менен жолугушту. Анда кызматташуу жана жаштардын демилгелерин өнүктүрүү перспективалары тууралуу маселелер талкууланды. Андан сырткары кулинардык мастер-класс жана “Россияны ач” викторинасына катышуу менен студенттер өз чыгармачылыктарын, идеяларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Россия” улуттук борборунда экскурсия уюштурулуп, катышуучулар жаңы технологиялар жана алардын коомдогу ролу тууралуу кеңири маалымат алышты. Долбоорду 27-31-октябрь күндөрү «Евразия» бейөкмөт уюму уюштурду.  


 

Фото галерея