Академиялык мобилдүүлүк: окутуучулар жана студенттер Өзбекстанга барышты

Башкы Жаңылыктар

Академиялык мобилдүүлүк: окутуучулар жана студенттер Өзбекстанга барышты

Image

ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун орус филологиясы бөлүмүнүн окутуучулары, студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Фергана шаарындагы Фергана мамлекеттик университетине барышты.

Сапардын алкагында эки университеттин окутуучулары жана студенттери ортосунда тажрыйба алмашуу, илимий байланыштарды чыңдоо, келечектеги кызматташтыкты өнүктүрүү багытында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

ОшМУдан барган окутуучулар аталган университеттин адабий ийриминин мүчөлөрүнө Чыңгыз Айтматов жана ХХ кылымдагы орус адабияты, Кыргызстандагы орус тилинин абалы, Бакыт концептинин  орус жана өзбек лингвомаданияттарындагы орду боюнча маалыматтарды берип, конок лекцияларды өтүштү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, студенттик алмашуу программаларын кеңейтүү жана окутуучулардын тажрыйбасын бөлүшүү маселелерин талкуулашты. Ал эми студенттер окуу жайдын инфраструктурасы менен таанышып, андан соң шаардагы тарыхый, маданий жайларга экскурсияга чыгышты.

Иш-чара достук маанайда өттү. Негизгиси кадемиялык байланыштарды бекемдөөгө жана студенттердин маданий тажрыйбасын байытууга өбөлгө түздү.

 

Фото галерея