Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин доценти Алексей Антипов баштаган окумуштуулар ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжине келип, студенттер менен окутуучуларга түрдүү темадагы лекцияларды жана презентацияларды өтүштү.
Алар коомдук сүйлөөнүн ишенимдүү принциптери, биологияны окутуу методдору, алгоритмдик кам көрүү, жасалма интеллекттин адамдын ой жүгүртүүсүнө тийгизген таасири боюнча маалыматтар менен бөлүштү. Ошондой эле түрктөрдүн иденттүүлүгү, якут жана кыргыз тилдеринин байланыштары, салыштырма тарыхый изилдөөлөр тууралуу да айтып беришти.
Жолугушуу 31-октябрда болду. Анда студенттер жана окутуучулар конокторго суроо берип, пикир алмашышты.
Иш-чараны колледждин коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдык билим берүү циклынын башчысы Гүлүмкан Түмөнбаева баштаган окутуучулар уюштурган. Бул жолугушуу колледждин эл аралык байланыштарын кеңейтип, заманбап билим берүү тенденцияларына шайкеш билим берүү процессин өнүктүрүү максатында демилгеленген.