Ош мамлекеттик университети Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков атындагы стипендияга сынак жарыялады.
Сынакка университеттин институт, факультет, коллеждеринин күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттер катыша алышат. Анда алардын окуудагы жетишкендиктери, эл аралык же республикалык чыгармачыл сынактарга катышкандыгы, чыгармачылык ишмердүүлүгү жана коомдук-маданий иштердеги активдүүлүгү каралат.
Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 15-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Биринчи этап институт, факультет, колледждерде, экинчи этап университеттик комиссиянын кароосунда каралат. Жыйынтыгында мыкты студенттерге Каныбек Исаков атындагы бир жолку стипендия жана сертификат ыйгарылат.
Стипендиянын жалпы байге фонду 100 миң сомду түзүп, Каныбек Исаковдун үй-бүлөсү тарабынан каржыланат. Бул демилге профессордун билим берүү тармагындагы эмгегин даңазалоо жана жаштардын чыгармачылык жөндөмүн, жигердүүлүгүн колдоо максатында уюштурулууда.
Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Жогорку билимди ОшМУдан алган. 2006-2011-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (мурда Ош гуманитардык-педагогикалык институту болчу) ректору болуп эмгектенген. 2011-2019-жылга чейин ОшМУнун жетектеген. 2019-2020-жылдары билим берүү министри болгон.
Каныбек Исаков 2020-жылдын 12-ноябрында каза болгон.