ОшМУнун окутуучусу SIECAIP симпозиумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу SIECAIP симпозиумуна катышты

Image

Бишкекте «Билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана жасалма интеллект» аттуу эл аралык симпозиум (SIECAIP) өттү. Ага ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин окутуучусу Тынчтыкбек Асилбеков катышты.  

Симпозиум билим берүүдө санариптик технологиялар менен жасалма интеллектти колдонуу жаатындагы заманбап тенденцияларды талкуулоо жана тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү процессин санариптештирүү, окуу программаларын жаңы технологиялык чакырыктарга ылайыкташтыруу, жасалма интеллектти колдонууда этикалык маселелер талкууланды. Ошондой эле аймактагы жогорку окуу жайлар ортосундагы эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду.

28–30-октябрь күндөрү өткөн иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Иран жана Пакистандан өкүлдөр келишкен. 

 

Фото галерея