Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Нанкин технологиялык институтунун базасындагы “Борбордук Азияда жаңылануучу энергетиканы өнүктүрүү” борборун ачты. Борборду эки окуу жай биргелешип түптөгөн.
Мындан тышкары делегация 6-ноябрда “Нанкин технологиялык институту менен ОшМУнун жогорку квалификациялуу адистерин даярдоо” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты. Анда Кудайберди Кожобеков баяндама жасады.
Ошондой эле “Обзор искусственного интеллекта” («Жасалма интеллекттин негиздери») жана “Обзор технологии больших данных” (“Big Data технологияларынын негиздери”) аттуу эки китептин бет ачары болду. Бул эмгектерди университеттердин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институнунун окумуштуулары биргелешип жазган. Китептер эл аралык стандартта, кытай грифти менен жазылып, кытай/орус тилдеринде басылып чыгарылды. Авторлору Нанкин технологиялык институнун Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институнунун директору Бектур Азимов “Стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү жана анын келечеги”, Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын башчысы Толкунбек Жолдошов “Кыргызстандагы чоң маалыматтар жана жасалма интеллект индустриясынын учурдагы абалы: келечеги, мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары” темаларында баяндамаларды жасашты.
ОшМУнун делегациясынын иш-сапары жемиштүү уланууда.
Биргелешкен конференцияга Кытайдын бир нече жогорку окуу жайларынын ректорлору, окумуштуулары жана дүйнөлүк деңгээлдеги өндүрүштүк ишканалардын өкүлдөрү да келишкен.