Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун студенттери «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасында эмгектенген энелер менен жолугушуу өткөрүштү.
Алар энелерге чакан белектерди тапшырышты. Ошондой эле жылуу сөздөрүн айтып, каалоолорун билдиришти.
Иш-чара коомдун тазалыгы жана тартиби үчүн тынымсыз эмгектенгендерге көңүл бурууга багытталды. Аны менен катар эле алардын коомдогу ордун баалоо жана ыраазычылык билдирүү болду.
Жолугушууну Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын окутуучусу Айсана Самиева жаштардын боорукердик, улууларга болгон урмат-сыйын калыптандыруу максатында уюштурду.