Кытай: ОшМУ делегациясы Нанкин технологиялык институтунун мааракелик жыйынына катышты

Башкы Жаңылыктар

Кытай: ОшМУ делегациясы Нанкин технологиялык институтунун мааракелик жыйынына катышты

Image

Ушул күндөрү Кытайда кызматтык сапарда жүргөн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация бүгүн, 8-ноябрда Нанкин технологиялык институтунун 110 жылдык мааракесине арналган эл аралык жыйынга катышты. 

Иш-чара «Нанкин технологиялык институту менен Нанкин шаарынын интеграциясы» деген аталышта өттү. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору, белгилүү окумуштуулар, ири компаниялардын жетекчилери чогулду.

Эл аралык жыйында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баяндама жасады. Ал окуу жайдын соңку жылдардагы жетишкендиктери, эл аралык кызматташтык багыттары жана билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.  Мындан тышкары ОшМУ менен Кытайдын бир катар окуу жайларынын ортосундагы тыгыз кызматташтык, студенттик, окутуучулук алмашуу программалары, биргелешкен долбоорлор жөнүндө да маалымат берди.

Ошондой эле билим берүү менен өнөр жайдын интеграциясын тереңдетүү, технологиялык өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана жаштардын инновациялык потенциалын колдоо маселелери талкууланды.

Күндүн экинчи жарымында делегация дүйнөдөгү алдыңкы электрондук жана автоматташтырылган өндүрүш ишканаларынын бири “Kangni” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул жерде ылдам жүрүүчү поезддердин жана метронун эшиктери, заманбап электромобилдердин тетиктери кантип жасалары боюнча практикалык маалыматтарды алышты. 

Иш сапардын жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен илимий долбоорлорду жана студенттик практикаларды ишке ашыруу багытында пикир алышты.

 

Фото галерея