Чет өлкөлүк студенттерге укуктук түшүндүрүү иштери уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Чет өлкөлүк студенттерге укуктук түшүндүрүү иштери уюштурулду

Image

ОшМУнун Коопсуздук кызматы чет өлкөлүк студенттерге баңгизаттар жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан мыйзамдар тууралуу түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.

Жыйынга Эл аралык медицина факультетинин жетекчилиги, университеттин Коопсуздук кызматынан, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү, чет өлкөлүк студенттер катышты.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Гулмира Жапакова баңгизат жана психотроптук заттарды колдонуу коркунучтары, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана кылмыштуу схемалары, бул тармактагы кылмыштар үчүн каралган жоопкерчилик жөнүндө маалымат берди. Ал белгилегендей, маңзат бизнесинин өкүлдөрү ар кандай ыкмалар менен жаштарды мыйзамсыз иштерге тартууга аракет кылууда. Алар мындай учурда чоң акча убада кылышат. Мындан улам Жапакова чет өлкөлүк студенттерди мыйзамсыз иштерге аралашпоого жана жеңил акча табуу сунуштарына алданбоого чакырды. 

Жаштарга ушул тематикада тартылган кыска метраждуу социалдык видеороликтер көрсөтүлдү.

ОшМУнун Коопсуздук кызматынын жетекчиси Нурлаким Арзиев студенттерге Кыргызстандагы миграциялык мыйзамдарды бузууга жол берилбестигин эскертти. Аларга өлкөдө жүрүү тартиби боюнча айрым жоболорду түшүндүрдү. Арзиев виза мөөнөтү аяктаганда же окуудан четтетилген учурда өлкөнү өз убагында таштап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле диаспора лидерлерине чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда ОшМУнун Коопсуздук кызматына же укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталды.

Жыйын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын-алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу максатында уюштурулду. Максаты – улуттук иш-аракеттер планын аткаруу. 


 

Фото галерея