Волейбол боюнча кыздар курама командасы Азия чемпиондугун утуп алды

Башкы Жаңылыктар

Волейбол боюнча кыздар курама командасы Азия чемпиондугун утуп алды

Image

Волейбол боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасы жаштар арасындагы зоналык Азия чемпионатында биринчи орунду ээледи. 

Улуттук кураманы Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Уланбек уулу Курстанбек машыктырган. Ошондой эле команданын оюнчуларынын арасында окуу жайдын Кыргыз–Кытай факультетинин 1-курсунун студенти Гүлмира Туленова да болуп, өлкө намысын татыктуу коргоду.

19 жашка чейинкилар арасындагы CAVA чакырык кубогу 3–9-ноябрда Шри-Ланканын Коломбо шаарында өттү.  Эл аралык мелдешке Кыргызстан, Мальдив аралдары, Непал жана Шри-Ланка мамлекеттеринин курама командалары катышкан. 

 

Фото галерея