Мектеп мугалимдери ОшМУда кесиптик чеберчилигин арттыруу үчүн окутуудан өтүүдө

Башкы Жаңылыктар

Мектеп мугалимдери ОшМУда кесиптик чеберчилигин арттыруу үчүн окутуудан өтүүдө

Image

Ноокат районундагы Абу Райхон Беруний атындагы орто мектебинин мугалимдери «Кыргыз тилин билүүсүн В1 деңгээлине жогорулатуу» багыты боюнча атайын курстан өтүп жатышат. Окутуу 72 саатты түзүп, 3-ноябрдан 15-ноябрга чейин уланат.

Бул курсту окуу жайдын Квалификацияны жогорулатуу борбору уюштурду. Программа мамлекеттик тилди окутуудагы заманбап талаптарга ылайык иштелип чыгып, мугалимдердин билим деңгээлин жана коммуникативдик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Окутууда грамматикалык структураларды терең өздөштүрүү, сөз байлыгын кеңейтүү, сүйлөө, угуу жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча практикалык сабактар өткөрүлүүдө.

Катышуучулар кыргыз тилин окутуунун жаңычыл методдорун, коммуникативдик ыкмаларды жана тил үйрөтүүдө санариптик ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн үйрөнүшүүдө. Сабактар интерактивдүү ыкмалар менен, жандуу баарлашуу жана топтук иш формасында өтүп жатат.

Учурда бул программага 27 мугалим катышууда. Алар алган билимин сабактарында натыйжалуу колдонууга даяр экендиктерин белгилешүүдө. 

 

Фото галерея