ОшМУнун окутуучусу “Жаштардын демилгелерин колдоо” сынагынын  жеңүүчүсү болду 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу “Жаштардын демилгелерин колдоо” сынагынын  жеңүүчүсү болду 

Image

ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Женишбек Мамай уулу “Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү” сынагынын жеңүүчүсү болду. 

Сынакты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган. Женишбек Мамай уулу өзүнүн “Эко-Арт жашыл демилгеси” аттуу долбоору менен катышты. Долбоор айлана-чөйрөнү коргоо, жаштарды экологиялык маданиятка үндөө жана чыгармачылык аркылуу ушул жааттагы көйгөйлөргө көңүл буруу максатын көздөйт.

Иш-чара жаштарды жарандуулукка жана мекенчилдикке тарбиялоого, руханий-адептик баалуулуктарды бекемдөөгө, интеллектуалдык, чыгармачылык өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө багытталган. Жеңүүчү долбоорлордун ар бирине 200 миң сомго чейин мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.