“Жаратман” китебинин бет ачары өттү

Башкы Жаңылыктар

“Жаратман” китебинин бет ачары өттү

Image

Бүгүн, 13-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде “Шоро” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумадил Эгембердиевдин “Жаратман” аттуу китебинин бет ачары өттү.

Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат, окутуучулар, студенттер, коомдук ишмерлер жана китеп күйөрмандары катышты. Алгач китептин көркөм редактору Олжобай Шакир мазмуну боюнча баяндап берди. 

Автор Жумадил Эгембердиев чыгарманы жазуудагы негизги идея — адамды аракетке, ишенимге жана руханий бекемдикке чакыруу экенин белгиледи. Анда ишкер агасы маркум Таабалды Эгембердиев экөөнүн балалыгы, 90-жылдары ишкерликти жаңы баштаган учуру, Кыргызстанда ишкерлик кылуу жана чет өлкөлөрдөн алган тажрыйбасы тууралуу ойлору менен бөлүшкөндүн айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө аукцион өткөрүлүп, жеңүүчүгө китеп, сертификаттар тапшырылды. Саамалык концерттик программа менен коштолду.

7000 нуска менен кыргыз жана орус тилдеринде басылган китептин көркөм редактору жазуучу Олжобай Шакир. Орус тилине Улук жана Жылдыз Уракуновдор которгон.



 

Фото галерея