Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар, Тарых-юридика институттарынын Кыргыз-кытай жана Теология факультеттеринин окутуучуларына алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтууга багытталган семинарлар уюштурулду.
Окутууларды 2024–2025-окуу жылындагы «Педагогикалык дебют» жана «ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери» сынактарынын жеңүүчүлөрү Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун окутуучусу Жанболот Калбаев менен STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Жеңишбек Мамай уулу өтүштү.
Анда катышуучулар жаңы методдор, окутуунун заманбап ыкмалары, инновациялык педагогикалык инструменттер боюнча тажрыйба алмашып, усулдук жөндөмдөрдү көрсөтүп беришти. Иш-чара билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талдоого жана мыкты тажрыйбаларды өз ара бөлүшүүгө өбөлгө түздү.
Ушуну менен алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтууга багытталган семинарлар сериясы расмий түрдө аяктады. Окутууларды университеттин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү демилгеледи.