Кант диабети менен күрөшүү күнүнө арналган маалыматтык иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

Кант диабети менен күрөшүү күнүнө арналган маалыматтык иш-чара өттү

Image

Бүгүн, 14-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде Кант диабети менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналган маалыматтык жолугушуу уюштурулду.  

Иш-чарада катышуучуларга Эл аралык медицина факультетинин коомдук саламаттык сактоо жана далилдүү медицина кафедрасынын окутуучусу, нефролог Айпери Асанбек кызы жана Медициналык факультеттин госпиталдык терапия кафедрасынын окутуучусу, эндокринолог Айниса Айтиева диабеттин алдын алуу, эрте аныктоо, заманбап дарылоо ыкмалары боюнча маалымат беришти.

Ошондой эле дарыгерлер диабеттин пайда болуу себептери, коркунуч факторлору, белгилери жана оорунун алдын алуу стратегиялары боюнча айтышты. Аны менен катар эле туура тамактануу, ден соолукту чыңдоо, кандагы канттын деңгээлин туруктуу көзөмөлдөө боюнча практикалык көндүмдөр көрсөтүлдү. Мындан сырткары жеринде кайрылгандарга кандагы канттын деңгээлин өлчөп беришти. 

Фото галерея