Жерди коргойлу! ОшМУда экологиялык форум өттү

Башкы Жаңылыктар

Жерди коргойлу! ОшМУда экологиялык форум өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин филология жана маданият аралык коммуникация институтунда “Жерди коргойлу! Тынчтык сенден башталат” аталышындагы экологиялык форум болду.

Ага институттун, Кыргыз-кытай факультетинин, Тарых жана юридика  институтунун, Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун, Педагогика, искусство жана журналистика институтунун студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер презентациялар, талкуулар жана чыгармачылык номерлер аркылуу экологияны коргоонун маанисине көңүл бурушту. Мында жердин келечеги ар бир адамдын күнүмдүк аракетинен көз каранды экенин баса белгилешти.

Форумдун максаты жаштардын экологиялык маданиятын жогорулатуу, айлана-чөйрөнү коргоого болгон жоопкерчиликти күчөтүү жана студенттердин жалпы экологиялык демилгелердин үстүндө биригүүсүнө шарт түзүүгө багытталды. Иш-чараны факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу боюнча кафедрасынын окутуучулары демилгеледи.

 

Фото галерея