Күрөш боюнча эл аралык турнирде ОшМУнун студенти чемпион болду

Башкы Жаңылыктар

Күрөш боюнча эл аралык турнирде ОшМУнун студенти чемпион болду

Image

Грек-рим күрөшү боюнча Ош шаарында өткөн эл аралык турнирде Ош мамлекеттик университетинде дене тарбия адистигинде билим алып жаткан Жантөрө Мирзалиев чемпион аталды. Ал 77 кг салмакта күрөшкөн. 

Мелдеш 14–15-ноябрь күндөрү “Динамо” спорт комплексинде өттү.  Спорттук иш-чара Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Алыш” күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин элесине арналган. 

Ага Кыргызстан жана Өзбекстандан жалпы 200гө жакын спортчу катышып, 10 салмак категориясы боюнча күч сынашты. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Фото галерея