10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде 2024-2025-жылдардагы илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгында мыкты болгон окутуучуларды сыйлоо аземи уюштурулду.
Анда «ОшМУнун ички гранттык долбоорлорунун илимий көргөзмөсү – 2025» сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, төмөнкүлөр сыйланды:
- «Мыкты илимий долбоор-2025» номинациясы — Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору, физика-математика илимдеринин доктору Ысламидин Ташполотов;
- «Мыкты инновациялык долбоор-2025» – Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору Жаңыбай Жусубалиев;
- «Улуттук нарктуулукту сактоого багытталган мыкты долбоор-2025» номинациясы — Тарых жана юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуу методикасы кафедрасынын улук окутуучусу Тажибай Айтбаев;
- «Өндүрүшкө багытталган мыкты долбоор-2025» номинациясы – Табият таануу, дене-тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын профессору, айыл чарба илимдеринин доктору Абдугани Абдурасулов;
- «Жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мыкты долбоор-2025» номинациясы — Тоо-экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар Консалтинг борборунун директору, география илимдеринин кандидаты, доцент Абдижапар Аккулов;
- «Айыл чарба багытындагы мыкты долбоор -2025» номинациясы — Табият таануу, дене-тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Абдурашит Низамиев;
- «Саламаттыкты сактоого багытталган мыкты долбоор-2025» номинациясы – Клиникалык дисциплин №2 кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Махабат Бугубаева;
- «Социалдык багыттагы мыкты долбоор-2025» номинациясы – Табият таануу, дене-тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доценти, география илимдеринин кандидаты Эрнисбек Алайчиевге ыйгарылды.
Ал эми номинациядан сырткары көргөзмөгө катышкан 18 долбоордун жетекчилерине сертификаттар берилди.
“Мыкты монография -2025” конкурсунун жыйынтыгы менен
- Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Абдымиталип Мурзакметов I даражадагы диплом жана акчалай сыйлык;
- Педагогика, искусство жана журналистика институтунун философия жана политология кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучусу Өмүрзак Акматов II даражадагы диплом жана акчалай сыйлык;
- Педагогика, искусство жана журналистика институтунун жалпы психология кафедрасынын улук окутуучусу Зинагүл Жоошбекова III даражадагы диплом жана акчалай сыйлык;
Окуу жайдын рейтингин көтөрүүдө салым кошуп жаткан илимпоздордун илимий эмгектери квартили жогору (Q1, Q2, Q3) болгон дүйнөлүк алдыңкы абройлуу илимий басылмалардан жарык көргөндүгү үчүн 100 макаланын 82 автору 15 миң сомдон 75 миңге чейинки акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Квартили бир болгон илимий журналдан чыккан 18 макаланын 16 авторуна, квартили эки болгон илимий журналдан чыккан 47 макаланын 38 авторуна жана квартили үч болгон 35 жана макаланын 28 авторуна 15-50 миңге чейинки акчалай сыйлыктар берилди.
Кандидаттык (PhD) жана докторлук диссертацияларын ийгиликтүү коргогон 44 окутуучуга илимий-изилдөө иштеринде жетишкен ийгиликтери үчүн дипломдор ыйгарылды. Анын ичинен беш докторлук диссертация коргогондор 100 миңден, 31 кандидаттык диссертация коргогондор 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.