QS: ОшМУ туруктуулук боюнча дүйнөлүк университеттердин  рейтингине кирди 

Башкы Жаңылыктар

QS: ОшМУ туруктуулук боюнча дүйнөлүк университеттердин  рейтингине кирди 

Image

QS Туруктуу өнүгүү боюнча дүйнөлүк университеттердин  рейтингинин 2026-жылдагы жыйынтыгын жарыялады. 

Рейтингге туруктуу өнүгүүгө бекем берилгендиги менен айырмаланган 2000 университет катышкан. Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) курчап турган чөйрөгө жана коомго тийгизген таасири үчүн 1251-орунду, башкаруу багыттары боюнча 1107-орунду алды. Бул көрсөткүчтөр менен жалпы окуу жайлардын арасында 1501-орунду ээледи. Мында университеттин аткарып жаткан иш аракеттери атайын бааланган.

Аталган рейтингге Кыргызстандан үч жогорку окуу жайы кирген. 

QS тарабынан жарыяланган «Туруктуулук 2026» рейтинги дүйнөдөгү  университеттерди айлана-чөйрөгө жана коомго тийгизген таасири боюнча аныктайт. Институционалдык таасир сегиз категория (же көрсөткүч) боюнча бааланат. Алар окуу жайдын адамдар жана планета үчүн позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келүү жөндөмүн чагылдырат. Бул рейтингдер ЖОЖдор экология, социалдык жоопкерчилик маселелерине  канчалык деңгээлде көңүл буруп, бул багытта жүргүзүп жаткан иш аракеттери натыйжалуу экенин көрсөтөт.

Буга чейин QS рейтингинин 2026-жылга Азия боюнча жыйынтыктары чыгарылып, анда ОшМУ  22-орунду  багындырган. Бул жылдагы рейтингге Азия континентинен 1526 университет катышкан. 


 

Фото галерея