ОшМУ «Евразия KG» коомдук фонду менен кызматташуу келишимине кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ «Евразия KG» коомдук фонду менен кызматташуу келишимине кол койду

Image

Ош мамлекеттик университети менен “Евразия КЖ” коомдук фонду өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Жолугушуу бүгүн, 20-ноябрда окуу жайда болду. 

Меморандумга ректор Кудайберди Кожобеков жана фонддун директору Кымбат Урумкулова кол коюп, мындан аркы өнөктөштүктүн негизин бекемдешти. Кожобеков жаштар демилгелери, илим-изилдөө багыттарындагы ар кандай иш-аракеттерде колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Тараптар ошондой эле билим берүү, илим жана маданият тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты.

Бул келишим билим берүү жаатындагы инновацияларды өнүктүрүү, студенттик демилгелерди колдоо, эл аралык кызматташууну кеңейтүү максатын көздөйт. Анын алкагында биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, актуалдуу маселелер боюнча конференцияларды, тегерек столдорду, тренинг, форумдарды өткөрүү маселелери каралган. 

Учурда “Евразия КЖнин” өкүлдөрү ОшМУда өтүп жаткан “Лидерлик саякат: «Лидерлик саякатка катышыңыз: Ысык-Көлдөн Москвага чейин ОшМУ менен»” аттуу жыйынга катышып жатат. Анда фонддун колдоосу менен Ысык-Көлдө жана Москвада өткөн эл аралык иш-чараларга катышып келген ОшМУнун студенттери тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. 

 

Фото галерея