ОшМУнун институт, факультет жана колледждеринде окуган студенттеге радикализм, экстремизм жана баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча маалыматтык жыйындар уюштурулду.
Иш-чарага Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Ош шаарындагы өкүлү Ахмат Оморов, Ички иштер министрлигинин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана коомчулук менен байланышты камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Гүлмира Жапакова катышты.
Адистер эл аралык экстремисттик уюмдардын негизги максаты жаштардын аң-сезимине таасир берүү аркылуу өз идеологиясын жайылтуу экендигин белгиледи. Мындан улам алардын бул багыттагы тактикасы жана ыкмалары тууралуу мисалдар менен түшүндүрмө берилди. Катышуучуларга слайд-презентациялар көрсөтүлүп, мыйзамдык талаптар, экстремизмге каршы туруунун жолдору кеңири баяндалды.
Гулмира Жапакова учурда интернеттеги “жеңил акча табуу” сунуштары көп учурда мыйзамсыз заттарды ташуу, сатуу менен байланыштуу экенин эскертти. Ал өз тажрыйбасынан мисалдарды келтирип, социалдык видеороликтер аркылуу кооптуу жагдайларды түшүндүрдү. Ошондой эле баңгизатты издөөдө кинологиялык кызматтын ролу көрсөтүлүп, үйрөтүлгөн иттердин катышуусунда практикалык бөлүк уюштурулду.
ОшМУнун коопсуздук кызматынын башчысы Нурлаким Арзиев студенттерди мыйзамды сактоого, терс көрүнүштөрдөн алыс болууга жана күч-аракетин сапаттуу билим алууга багыттоого чакырды. Ал университеттин ички тартиптерин бузган учурлар аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.
Аталган жыйын 10-18-ноябрь күндөрү уюштурулду. Жолугушууну университеттин Коопсуздук кызматы 2021–2026-жылдарга карата Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында демилгеледи.