Ош мамлекеттик университетинин математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда “Күз – көздөрдү таң калтырган сулуулук” (Осенняя пора – очей очарованье) аталышындагы чыгармачыл иш-чара өткөрүлдү.
Сынакка институттун 1-курстарынан түзүлгөн сегиз команда катышты. Анда студенттер орус тилин билүү деңгээлин, чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн жана ар тараптуу таланттарын көрсөтө алышты. Ошондой эле кызыктуу конкурстарда күч сынашып, командалык иштөө жөндөмдөрүн да таанытты.
Командаларды факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучуларынан түзүлгөн калыстар тобу баалады. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Активдүү катышкан студенттерге грамота жана баалуу белектер тапшырылды.
Иш-чара студенттердин тил билимин өнүктүрүп, чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттыруу максатында демилгеленген. Аны факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасы уюштурду.