Окумуштуулар Ташкентте эл аралык конференцияга катышты

Башкы Жаңылыктар

Окумуштуулар Ташкентте эл аралык конференцияга катышты

Image

Ташкент мамлекеттик агрардык университетинде өткөн конференцияда ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун доценти Болот Каримов “Кыргызстандын түштүгүндөгү дары өсүмдүктөрдүн флорасы” аттуу баяндама жасады.

Конференция аталган окуу жайдын 95 жылдык маарекесине карата уюштурулду. ОшМУдан Болот Каримовдон сырткары Педагогика, искусство жана журналистика институтунун доценти Таалайбек Тойчуев да катышты. 

Мааракеге Орусия, Кытай, Түштүк Корея, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан илимпоздор чакырылган. Алар өз өлкөлөрүндөгү климаттык өзгөрүүнүн натыйжаларын, тамак-аш коопсуздуктарын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, көйгөйлөр, келечек пландар тууралуу баяндама жасашып, талкуулар орун алды.

 

Фото галерея