ОшМУда профессор Каныбек Исаков атындагы эки каана ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда профессор Каныбек Исаков атындагы эки каана ачылды

Image

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги, мамлекеттик жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаковду эскерүү кечесинин алкагында Эл аралык медицина факультетинде Каныбек Исаков атындагы каананын ачылыш аземи өттү. Ага улай өзү билим алган, эмгектенген Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде Каныбек  Исаков атындагы  "Таберик" чыгармачылык борбору ачылды.

Каныбек Исаков атындагы кааналарда өмүр жолу, чыгармачылыгы, коомдук, мамлекеттик ишмер катары жасаган эмгектери, сыйлыктары, кийинки муунга өрнөк болуучу илимий монографиялары, окуу-усулдук колдонмолору, илимий-усулдук, публицистикалык макалалары камтылган китептери, сүрөттөрү, сыйлыктары коюлган.

Исаков Каныбек Абдуваситович 1969-жылы 4-июнда Ош областына караштуу Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган. 1987-жылы ОшМУга тапшырып, 1993-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 2006-2011-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, 2011-2019-жылдары ОшМУда ректор кызматын аркалаган. 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматында эмгектенген.

Окумуштуу катары “Б.Сарногоевдин поэтикалык изденүүлөрү жана көркөм табылгалары” (2000-ж.), “Тамсил: Жанрдын генизиси жана эволюциясы” (2008-ж.), “Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер” (2009-ж.), “Тамсил кудурети” (2010-ж.), “Айтматовдун чыгармалары мектеп театрында” (2010-ж.), “Ч. Айтматовдун чыгармаларын орто мектептерде окутуу” (2011-ж.), “Кыргыз балдар адабияты” (2012-ж.), “Заманчыл акындарды окутуу” (2016-ж.), “Кыргыз адабиятындагы педагогикалык ойлор” (2017-ж.), “Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын орто мектептерде окутуу” (2018-ж.) ж.б. илимий монографиялардын, окуу-усулдук колдонмолордун, 200дөн ашуун илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору болгон.

Илимпоз катары бир нече аспиранттарга жол көрсөтүп келген. Анын жетекчилиги менен 4 кандидаттык диссерация ийгиликтүү корголгон.

Мындан тышкары "Жүрөгүмдөгү сөз" (2011-ж.), "Акыл-эстеги сөз" (2011-ж.), “Шуулдаба, терегим, теректерим, Шуулдасаң ыйлагым келет менин” (2011-ж.), «Дилдеги ойлор» (2012-ж.), “Устаттарымды аздектеп, досторумду кадырлап...” (2020-ж.), “Дилдеги сөздөр” (2020-ж.) сыяктуу бир нече  публицистикалык макалалар жыйнагы жана "Купуя сезим" ырлар жыйнагы жарык көргөн.

 

Фото галерея