ОшМУнун окутуучулары жана студенттери Наманган университетинде тажрыйба алмашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары жана студенттери Наманган университетинде тажрыйба алмашты

Image

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын, Англис филологиясы кафедрасынын алты окутуучусу жана тогуз студенти 17–18-19-ноябрь күндөрү Наманган мамлекеттик техникалык университетинде (НМТУ) болушту.

Окутуучулар академиялык алмашуу программасынын алкагында окуу жайдын студенттерине мастер-класстарды өткөрүштү. Ал эми НМТУнун окутуучулары ОшМУнун студенттери үчүн тажрыйба бөлүшүү сабактарын уюштурушту. Жыйынтыгында делегация билим берүү, илим изилдөө, маданий иш-чараларга активдүү катышып, тажрыйба алмашып кайтышты.

Наманган мамлекеттик техникалык университети 2025-жылдын 24-январында Наманган инженерлик-технология институту, Наманган инженерлик–курулуш институту жана Наманган токуу өнөр жайы институтунун негизинде түзүлгөн.

 

Фото галерея