Германиялык иш берүүчүлөр ОшМУнун студенттери менен жолугушту

Башкы Жаңылыктар

Германиялык иш берүүчүлөр ОшМУнун студенттери менен жолугушту

Image

Германиядагы "Фольксваген" заводунун эйчар-менеджери Алехандер Цупанз жана "Глобал Рекрут ГМБХ" акционердик коомунун генералдык директору Ондер Юксель 18-ноябрда Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун студенттери менен жолугушту.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп,  иш берүүчүлөр студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти. Мындан сырткары германиялык делегация Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков менен да жолукту. Тараптар алдыда кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.

Иш-чараны "Немец академиясынын" негиздөөчүсү Самара Джурабаева демилгелеген. Ал жетектеген мекеме жыл сайын жайкы каникул мезгилинде 1000ден ашуун студентти Германияга кесиби боюнча "Ферейн-Жоб" жана башка программалар менен иштеп келүүгө жөнөтөт. Бул программанын катышуучуларынын 50-60%га жакынын ОшМУнун студенттери түзөт.

 

Фото галерея