ОшМУнун дене маданиятынын теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучусу, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Индиянын Чоң Нойда шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө кубогунда 60 кг чейинки салмакта күмүш медаль тагынды.
Ал 20-ноябрда финалдык беттеште индиялык Сачин Сивачка жеңилди. Сейитбек уулу буга чейин алгач польшалык Павел Брахты 5:0, жарым финалда англиялык Уиллиям Давид Хевитти 3:2 эсебинде жеңген.
Турнир World Boxing уюму тарабынан уюштурулуп, жалпы 20 топтом медаль ойнотулган. Мында дүйнөнүн эң мыкты эркек, аял мушкерлери күч сынашты. Кыргызстан бул мелдешке эки спортчу менен катышып, жалпы медалдык эсепте 10-орунду ээледи.