ОшМУнун Эл аралык бөлүмүнүн адистери Түштүк Кореянын Канвон улуттук университетине (KNU) иш сапары менен барышты. Анын алкагында делегация жана окуу жай жетекчилиги кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Тараптар жолугушууда эки өлкөнүн билим берүү тажрыйбасын айкалыштырган, студенттерге дүйнөлүк деңгээлдеги билим алууга мүмкүнчүлүк түзө турган кош дипломдуу билим берүү программасын ачууну талкуулашты.
Мындан тышкары ОшМУнун адистери дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген алдыңкы эксперттерди, окумуштууларды жана университет өкүлдөрүн бириктирген Glocal Harmony аттуу эл аралык конференцияга катышты. Анда глобалдык билим берүү демилгелерин өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык байланыштарды бекемдөө боюнча инновациялык көз караштар жана жаңы ыкмалар сунушталды.
Канвон улуттук университети Түштүк Кореянын негизги он улуттук университетинин бири болуп саналат. Окуу жай академиялык мыктылыктын жана инновациялык өнүгүүнүн борбору катары таанылган.