ОшМУнун профессору Ташкентте Кыргызстандын мал чарбасынын жетишкендиктери боюнча айтып берди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун профессору Ташкентте Кыргызстандын мал чарбасынын жетишкендиктери боюнча айтып берди

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, профессор Абдуганы Абдурасулов Ташкент шаарында бир катар эл аралык илимий жолугушууларга жана академиялык иш-чараларга катышты.

Ал Мал чарба жана канаттуулар илим-изилдөө институтунда өткөн «Уйлардын эмбриондорун которуунун технологиясы» аттуу эл аралык семинарда Кыргызстандын мал чарбасынын акыркы жылдардагы жетишкендиктери боюнча презентация жасады. Иш-чара Кореянын КОПИЯ борборунун колдоосу менен уюштурулган.

Иш сапардын алкагында Абдуганы Абдурасулов Самарканд мамлекеттик ветеринардык медицина, мал чарбасы жана биотехнология университетинин Ташкенттеги филиалында студенттерге конок лекция окуду. Ошондой эле Ташкент мамлекеттик агрардык университетинин 95 жылдык маарекесине өзүнүн илимий баяндамасы менен катышты. Анда мал чарбасы жана аарычылык багытында биргелешкен илимий долбоорлорду жүргүзүү перспективаларын талкуулады.

Мындан тышкары ТОП-500 катарына кирген Улуттук изилдөө университети – Ташкент ирригация инженери жана айыл чарбасын механизациялоо институтунда болуп, эл аралык бөлүм башчысы менен өз ара кызматташтык боюнча келишимдин долбоорун карап чыкты. Тараптар QS рейтинги боюнча эксперттик колдоону, биргелешкен академиялык ишмердикти күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.

 

Фото галерея