Кыргыз мамлекеттик университетинин делегациясы ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз мамлекеттик университетинин делегациясы ОшМУда болду

Image

Бишкектеги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору, профессор Жайнагүл Садыкбек кызы жетектеген делегация 22-ноябрда ОшМУда болушту. 

Алар ОшМУнун жатаканалары, Маалымат жана коомчулук менен байланыш борбору, электрондук китепканадагы иш процесси менен жеринен таанышты. Окуу жайдагы казак таануу, өзбек тили жана адабияты борборлорунда да болушту. Ошондой эле  Бизнес-парк, Педагогика, искусство жана журналистика институтунун искусство бөлүмү, Медицина факультети, окуу-лабораториялар менен таанышып,  маалымат алышты.

Делегациянын курамында аталган окуу жайдын Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Акылбек Шаршенбаев, Маданий-эстетикалык борбордун директору Нуриса Абазова, студенттик жатаканада жаштар иштери боюнча координаторТашмама Абдыкалыкова, Маданий-эстетикалык борбордон, Стартап борборунан, Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнөн адистер болду.

Иш сапар жогорку окуу жайлардын ортосундагы байланыштарды чыңдоо, билим берүү сапатын жакшыртуу, тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.

 

Фото галерея