Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) окутуучулары ноябрь айында «Билим берүүдөгү заманбап технологиялар» деп аталган 76 сааттык курстан өтүштү.
Курсту Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору уюштуруп, жалпы 18 окутуучу катышты. Алар билим берүүдөгү заманбап технологиялар, усулдар тууралуу жаңы билимге ээ болушту. Жыйынтыгында курсту ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттар тапшырылды.
Квалификацияны жогорулатуу борбору окутуучулардын кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу үчүн бир топ курстарды сунуштайт. Бул боюнча ушул шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот. Борбор тарабынан студент-жаштар үчүн да кыска мөөнөттүү курстар уюштуруу мерчемделген. Ал тууралу ушул жактан маалымат аласыз.