Ош мамлекеттик университетинин филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун окутуучулары Замира Сабиралиева жана Сюта Абдыкадырова «Славян жолугушуулары» маданий, билим берүү жана илимий иш-чарасына катышты.
Анда Сюта Абдыкадырова славян жана түрк элдеринин макал-лакаптарындагы, накыл сөздөрүндөгү гендердик стереотиптер боюнча баяндама жасады.
Эл аралык деңгээлдеги иш-чара 24-25-ноябрда Беларусиядагы Ф.Скарина атындагы Гомель мамлекеттик университетинде өттү. Форум окутуучуларга илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө, илим, маданият жаатындагы заманбап тенденцияларды талкуулоого, кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана жаңы биргелешкен долбоорлордун келечегин аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Анын алкагында ОшМУнун өкүлдөрү Орусия жана Беларусиядагы университеттердин жетекчилери менен жолугуп, жаңы байланыштарды түзүү боюнча сүйлөштү.